себеп
- Кандайдыр бир нерсенин, окуянын, натыйжанын келип чыгыш же пайда болуш шарты.
- Түрткү, жардамчы, шылтоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…рып, / Эттен неме калбаптыр, / «Барса барар каңгайга, / Жанбай экен аркага, / Калдыктын жүрбөй артынан, / Лопнурдун көлүн тосом деп, / Өлүшүнө Чакмакташ, / Мен себепчи баатырга,.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аттанып аскер алыптыр, / Аттанбай Кокон калыптыр, / Аттанбаган себебин, / Алакең сурай салыптыр, / Басырык болуп миң чалыш, / Түндө өлүп калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мээнин кабы жарылган, / Жүрбөй каны уйуган, / Сүйлөбөй тили буулган, / Айабастан иштетип, / Канча түрдүү дарыдан, / Арылган араң ириңден, / Ириң жеп тамыр чириген, / Ушундай түрдүү себептен, / Тили кечир булдурап, / Так келе албай чулдурап, / Кулагын турган чер басып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мунун себебин өзүм да билбеймин.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Себеби, таягы жерди дүңгүрөтүп солкулдатса, эл "жоо келе жатабы" деп качат экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →