себеле
- Чачыратып себүү, себилүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…тондуу Шалкымат, / Кокту каттан хан Чиктей, / Тажиктердин Темирбек, / Алар да келген тебелеп, / Коросон, испан, ооганды, / Кол чакырып куралып, / Жааган күндөй себелеп, / Келгендин өлүп чоңдору, / Калганы кеткен темтелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
деп, / Коркконунан кээ бирөө, / Көзүнөн жашы себелеп, / Күпүрлөгөн андан көп, / Медерканды жемелеп, / Медеркан атын укканда, / Мелтиреген кара көк, / Мелтиреп карап турбады, / Эшикти карай бет алып, / Бөлүнө койу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Күң кыламын кызың, — деп, / Көзүнөн аксын кандуу жаш, / Өлбөй туруп себелеп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…, / Нушту берип ичинен, / Эбеп-себеп алынча, / Медетти берип барынча, / Чирикти койбой кескилеп, / Кулгуна жерин тешкилеп, / Эбеп менен себептен, / Күндө салып себелеп, / Түлкүнүн өтүн таптырып, / Жаңылап күндө чаптырып, / Кажырдын өтүн алдырып, / Ийлеп туруп салдырып, / Көкжоруну карматып, / Өлтүрбөй тирүү жардырып, / Тазкар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Түрө тиктеп Айчүрөк, / Көзүнүн жашы кылгырып, / Семетей менен Чүрөктүн, / Турушуна окшошуп, / Себелеп жамгыр жыбылжып, / Жел жүрбөй дымып токтолуп, / Жердин бети чок болуп, / Тиктеп турган Семетей, / Бут солбуду козголуп, / Хан Бакайды кыйырда, / Айчүрөк күлдү оштонуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →