саңоор

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Канаттуулардын буту менен куйругунун арасындагы жумшак жүн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өлбөй жүргөн киши көп, / Саңоору алтын кушу көп, / Сайдакы кумдан саны көп, / Сакталып келген ушу кеп, / Кыргыздын сактап келгени, / Салтанаттуу кара көк. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үңкүр кабак, үнү ачуу, / Карыш болот тырмактуу, / Качырганын узатпас, / Сегиз аршын буту бар, / Куйругунда куту бар, / Саңоорлору сары алтын, / Канаты күмүш ак туйгун, / Таштак бутак конушун, / Талпынды көккө карата. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Саңоорулуу калаа - чоң Алчын, / Менин шаарым болсо деп, / Сагынбай турган жер бекен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сенин атаң эр Кошой, / Саноору алтын, жез эле, / Тун ичинде уктабас, / Ал кең пейил киши эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Темир кызыл көк атчан, / Темингенин куткарбас, / Саңоору алтын шумкар жан, / Келгендердин ичинен, / Салакасы артылган / Зерлүү жака, алтын тон, / Салты менен жамынган, / Аныңдын айтчы аты ким?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →