саяк
- Жолоочу, сапарга чыккан адам.
- өт. Жалгыз жүргөн бирөөлөрдү ээрчип жүргөн адам.
- Кыргыз уруусунун бири.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— Саяк көтөрүлүп, бери карай көчүп калыптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Көкүрөк элинен кийин, төмөнтөн көтөрүлгөн саяктар жүрүп отуруп Корумду, Чоң-Ташка келгенде артынан аскерлер кууп жетип капчыгайга камап алып элди кекилик уулагандай кылыптыр Ата-энесинин көзүнчө кыздарын зордуктаптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Күңгөйлүк саяк экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Аты Бурулкан, төркүнү күңгөйлүк саяк, кадимки Талканбай манаптын жакын тууганы экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →