сат
- Сатылуучу нерсени акчага же баасына туура келген башка нерсенин ордуна берүү.
- өт. Чыккынчылык кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ойуп эл качып, / Эпчи жак менен эр жакка, / Эл бөлүндү жол ачып, / Тору аттын жетти жанына, / Төрө жолборс түз басып, / Ыйлап калды торгой кыз, / Аркасынан көз сатып: / “Не болсо да Чигитей, / Жүзүмдү көрүп калсын – деп, / Көзүнө толсом баатырдын, / Көөнүнө мени алсын “ – деп, / Басып Торгой чыгыптыр, / Көпчүлүктү мейли деп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Дем алып калды азыраак, / Жер кеңири жай жатып, / “Куу баш Жакып айлы” деп, / Көргөн калмак кеп сатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Заркырап улуп тоо жели, / Саткынды каргап каар чачты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Байлар болсо, балдарын сатып алып калат экен, алардын ордуна түгү жок томояктар, биз кетет экенбиз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Баланы кандуу сууга соёлу, эгер биз кандуу сууга киши сойбосок бизди астырып өлтүрөт, – деп баланы акчага сатып алып барып сууга соердо, бала:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →