сасы

китептерде 17 жолу, 8 китепте
  1. Сасык жыттануу, буруксуган жаман жыт чыгаруу, борсуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мурун колуң шок эле, / Байланды колуң жок болот, / Башта жайнап чок элең, / Калды сасып бок болот. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жер пийаз, согон жыттанып, / Көк чечекей, гүлепше, / Күндү карап ыктанып, / Аркар оту, бозунач, / Сасыгансып жыттанып, / Жапа жай менен мамыры, / Жыты адамды аңсатып, / Уй шилекей мөлтүлдөп, / Оозуна салсаң бал татып, / Кеңкол ата чоң Талас, / Көрүктөнүп чалкайып, / Алатоо турду көрүнүп, / Асман тиреп заңкайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сасып кетти көл бүткөн, / Кысталып суудан турабыз / Ак куу кебим кийем — деп / Айланып чыгып асманга, / Аксакал абам карыга, / Айтып кабар берем — деп, / Ок жедим кандуу чалгынга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Өз ойунда Калдуубет, / Өлүп кетти Сомбилек, / Эки буту сынды, деп, / Сасып жатып өлгөндүр, / Бүткөн бойу ириң жеп, / Курттун богу болгондур, / Сөөгү куурап калды, деп, / Ойунда жүрөт Калдуубет, / Ким тосот менин алдым, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ал убакта байлар, соодагерлер калааны кан сасытып, бирөөнүн тегин эмгегинен чардап жатканда биз өңдөгөн томаяктар жалгыз эчкини аркандап коюп, көк кылаңгыр сүт ичип отурчубуз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →