сарык1
- Денени саргайтып жиберүүчү жугуштуу боор оорусу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалаңгыч сарык Кененим, / Токсон күн тамам болгунча, / Үч ай жүзү толгунча, / Асылча менен Бекбача, / Бактыбай бар жанында, / Отуз эки ат машын, / Саны толук кырк экен, / Эр жигиттин жөө машы, / Бир кишиге аз деди, / Жетимиш эки өнөрдү, / Ошонун баарын үйрөтүп, / Оорагын мунун көтөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сейтек жетим чоң болду, / Жер бетинде зор болду, / Беттеше албай жер бети, / Жедигер эли жоголду, / Алмамбет уулу Күлүстөн, / Кесилип кечир кор болду, / Ошондо да кыргыздан, / Көөнүн буруп койбоду, / Баатырдын уулу Кененим, / Кыскартып айтып жер жүзү, / Кылайып алы келе албай, / Жалаңгыч сарык дегени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…з алган, / Боорун жарып өт алган, / Кара дебей, баш дебей, / Өзүм дебей, жат дебей, / Кан агызып баш алган, / Карабаган кишиге, / Ошол үчүн Кененим, / Жалаңгыч сарык атанган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сейтектин алганы, / Кыздан чыккан балбаны, / Андан туулуп Кененим, / Жалаңгыч сарык атанып, / Кылымга аты тарады, / Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн дөөнү жалмады, / Суу периси Ханнас жин, / Кутулуп мындан калбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ай түбүнүн жерине, / Айтумуштун элине, / Семетей, Бакай хандарды, / Шер Гүлүстөн, жаш Сарык, / Камалып жаткан белине, / Күн батышта жети дөө, / Адамдан кармап чеп кылып, / Кыйынсып жаткан ченинде, / «Манастап» ураан чакырып, / Найза, кылыч ордуна, / Ч…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →