сары2
- Көптү уккан, билген, бардык нерседен маалыматы бар кыраакы адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кун кубалап алам деп, / Куру кантип калам деп, / Далайлар кылды кайратты, / Асмандан ташты кулатып, / Кылып көрдү айбатты, / Куландын сары сайында, / Козголбой жаткан эрлериң- / Калдагай кулак Чойун алп, / Жез киндиктүү Кикимат, / Темир тондуу Шалкымат, / Кокту каттан хан Чиктей, / Тажиктердин Тем…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…нан куланып, / Жыгылып-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош кетип, / Мурд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Колуң тийип баатырга, / Найза менен сайыпсың, / Кыйазга балта чаптырдың, / Сары мойун койондой, / Бирге өстүң сен экөөң, / Курдаштыкка карабай, / Кечирин кесип алдырдың, / Ыйыгы эле адамдын, / Эбегейсиз кар кылдың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Шадыкан чепейген арыкчырай гана сары киши.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Сары майга бышырылган каттама болсо!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →