саруула
- Корккондо өңүнөн өзгөрүп, кубарып кетүү.
- Абдан коркуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ноокас болуп алты жыл, / Мен жатыпмын саруулап, / Тиштенип душман жүрүптүр, / Тиши тишке кычырап, / Кан агыптыр кээ жерде, / Жуурулуп ыйлай былчылдап, / Эми тура албаймын, / Угуп туруп мен чыдап, / Мен барбаймын манжуга, / Кошуун жыйнап, кол курап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Башка жакка барганда, / Байкоосуз жатып алганда, / Медеркан өөдө боло албайт, / Тамандап басып кобо албайт, / Же өлүп кетет саруулап, / Бул токмоктон соо калбайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Өңү саздай бөлүнүп, / Саруулаптыр абыдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ — Кеткен экен саруулап, / Энелерден үмүт жок, / Күч келиптир ат минген, / Ушундай экен дүйнө бок, / Балдарын сак алалы, / Бул экөөнө айла жок,- / Каныкей айтып тап таамай, / Толгоону мыктап келтирчү, / Дарыдан берди айабай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Желкемен тепсеп Сейити, / Жексен кылып ал турса, / “Сексен эки кубулган, / Желмогуз экен кыз эмес, / Сейит айтты, ырас” деп, / Айыңдашып эл турса, / Кыйалым кырк, санаам миң, / Саруулап өңүм бузулса, / Тирүүлүктөн ким тойбойт, / Замана мындай кысылса, / Дартымды уксаң Тапан хан, / Сүйгөнүм, алым ушунча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →