сарсанаа
- Башты катырган, ой, түгөнбөгөн, учу-кыйыры жок баскан ой.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дешип өңү кубулду, / Кең дүйнөсү куурулду, / Деги амалын табалбай, / Сарсанаа болуп куруду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Оро казсаң тайыз каз, / Өзүң түшсөң чыгарга” / Оро казып Кененге, / Өзүм түштүм түбүндө, / Амалым кетип куурулуп, / Сарсанаа болдум бул күндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Коркуп келе жаткандыр, / Сарсанаага баткандыр, / Музбурчак, Үрбү, Алышты, / Жандырып кетсин аларды, / Бир көтөрүп таштагын, / Карыган Кошой абаңды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →