сарпай

китептерде 9 жолу, 3 китепте
  1. Сыйлуу адамга (конокко, куда-кудагыйларга ж.б.) кийгизген кийим.
  2. Кооздолгон ат жабуу.
  3. Баалуу белек.
  4. өт. Кандайдыр бир нерсенин үстүнө жабылган жабуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бир тогуздан сарпай тон, / Кийишиңе алыңар, / Эби келсе кетпеңер, / Бул жерде туруп калыңар, / Катын-бала үй десең, / Өз жайыңа жаныңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сандыкка салып жүктөгөн, / Сарпай канча, зар канча? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ры бапык кырк муундуу, / Тебетейи чоктуу уул, / Оозу бейбаш шоктуу уул, / Көкөтөйдүн Бокмурун, / Төө баштап тогуз мал берип, / Дейылда баштап Бокмурун, / Тогуз сарпай да берип, / Шаңшуур жамбы пул берип: / — Элдер тарап болгуча, / Ээлене жүргөн салтыңча, / Боло турган иштерди, / Элге айтып бер, — деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ну угуп, / Калың журт турат буулугуп: / “Хан болбой кара жерге кир, / Кишиден берсе жүз жыйырма, / Нардан берсе саны жүз, / Артылганы нарларга, / Алтын, күмүш, сарпай – жүк, / Жоргодон берсе толук миң, / Чорого акыл үйрөткөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сарпай тонун кийиңер, / Желбестен жорго миниңер, / Эркек тууса баласын, / Киндигин сууруп алыңар, / Мүрт өлтүрүп салыңар, / Унутуп муну калбаңар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →