саркынды

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Суюк нерсени идиштен куюп алгандан же төгүп салгандан кийинки калдыгы.
  2. өт. Өткөндүн, эскинин калдыгы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…айдан кылсын байкуштар, / Кара күчкө намысты, / Эки бөлөк топ болуп, / Каңгайдын эли чабышты, / Отордун уулу он тогуз, / Өлтүрүп булар салышты, / Хан Калдыктын саркынды, / Түп тамыры үзүлдү, / Түгөтүп кыргыз бүтүрдү, / Ошондон кийин каңгайдын, / Көбөйүп келет түтүнү, / Ач көзүн элге сатпаган, / Ак калпак кыргыз эли, деп, / Каң… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ “Турпан, Пчан шаарыңдын / Суулары анын саркынды” / Бул Бакай айткан кеп эле, / Ал Жаңжүн турган, калайык, / Орто Бейжин шаар алдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ат минбеген өзү жөө, / Ааламга дүмөк салган дөө, / Жору куйрук кызыл алп, / Андан калган Карадөө, / Атасындай эр эле, / Анын көзү дагы өтүп, / Аркасында саркынды, / Ар өнөргө машың бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ — Андай болсо Айчүрөк, / Айаш атаң Момунжан, / Айкөл менен дос эле, / Момунжанды алп Төштүк, / Улукмандын тукуму - / Саркындысы, дечү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →