саржан2

китептерде 6 жолу саржан 1 →
  1. эск. 2.134 метрге барабар узундук чени.
  2. Жерди, аралыкты ченөө үчүн колдонула турган 2 метр өлчөмүндөгү курал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

«Серкенин кашаасы» дегенибиз: айланасы жүз саржанча келген бир таш короо. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ары жактан келген катын, бир убакытта кыштоонун артында тартак-тап, саржан салып жүргөн замчыларды карап алып (алар орус эле): Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Менин алдымда, жыйырма саржандай жерде эки бутун салактатып, эшек минген бирөө кетип бара жатты. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Беш саржандай узап калганымда: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ушуга келип үч-төрт саржандай жер калганда эле бирөө: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →