сардар
- Аскер башы, кошуун башчысы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
жардам бергин, — деп, / Өлбөй тирүү кетти деп, / Элдер айтып жүрүшөт, / Карыйа Бакай кеменгер, / Арбактуу Семей атам кел, / Адамдан артык балбаны, / Азыркынын Сардары, / Шер Гүлүстөн абам кел, / Каныкей, Чүрөк – энем кел, / Кыргыздын эли кыйналды, / Кыйамында кайрат бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…зөндөн, / Чоңдугу тоодой дүңкүйгөн, / Дөө көрүндү өзөндөн, / Ат көтөрбөй тер болгон, / Жөө көрүндү өзөндөн, / Калкты бийлеп башкарган, / Хан көрүндү өзөндөн, / Сардар болуп журт билген, / Зал көрүндү өзөндөн, / Айдама кошуун канча миң, / Кол көрүндү өзөндөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кирерге тешик табалбай, / Амалы кетип куруду, / Майда-барат айбандар, / Келе жаткан адамдар, / Көтөргөн күрзү балбандар, / Миңди бирге санаган, / Илеги жоон сардардар, / Калк башкарган кат бийлеп, / Таажы кийген хандар бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жүз миң аскер, кырк сардар, / Кырылып жатып аз калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сары хан сардар карыйа, / Калыстык кылды баарыга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →