сардал
- Алп, кайраттуу, баатыр, жетилген балбан.
- Бойго жеткен, толукшуган (кыздарга карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…н Каракөз баштаган, / Тайтана, Наса зорлорго, / Дайарланды эр Асыл, / Андестиги Асылдын, / Сыргактан үлгү алгандай, / Жолборс жүрөк, таш билек, / Түрү Алмамбет сардалдай, / Ач кыйкырык, куу сүрөөн, / Акбалта хандын Чубактай, / Он бештеги чунагың, / Опол тоодой зоңкойуп, / Шаңданып жалгыз бастырды, / Сырнайза колдо койкойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сарыбайдын Саламат, / Сардалдын бири эмеспи, / Манастап ураан чакырып, / Коросондун кошуунун, / Айдап кирди жапырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көкала минген кең далы, / Көп жигиттин сардалы, / Булкуш канын бурдаган, / Бул дагы кыргыз балбаны; / Арзан киши бул эмес, / Акбалта Дөөнүн баласы, / Мындан бийсиз иш кылбайт, / Балакеттүү Манасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →