саргыч
- Анчалык сары эмес, ачык сары түс.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Эки түгөй жалбырак, / Бири саргыч, бири көк, / Көгүн атка бериңиз, / Так токсон күн болгунча, / От чалдырбай, сугарбай, / Чабышка мине бериңиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Андан бери карасам, / Кара тоо турат калкайган, / Жондор-жондор дүңкүйүп, / Кыраандары арсайган, / Ортосу саргыч көрүнгөн, / Тоолору турат жалпайган; / Андан да бери карасам, / Катар-катар тамы бар, / Калың эмес, жок эмес, / Орто-карта багы бар, / Айландыра карадым, / Айр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →