саргарт1

китептерде 13 жолу, 7 китепте
  1. Сарыбашылдап бетке жана башка чыгуучу жара (көбүнчө балага).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Такырбаш боло калганың, / Маңгыттардын Калдыкка, / Бир амалды салгының, / Бекбачаны саргартпай, / Бат куткарып алгының. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мадана менен Мадыбек, / Мыкты болсо Чигитей, / Бошотуп сени алсын, деп, / Мойнунан талга байлатып, / Жылаң айак, жылаң баш, / Жаш балдарга айдатып, / Карагандын барысын, / Таң калтырып жардатып, / Тигинтип келе жаткамын, / Алардын өңүн саргартып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жакыпка кары кеп айтып: / “Илгертен бери ырымды / Кылып келген,-деп айтып, / Жырык уйга жүк артып, / Жыртык кара үй артып, / Алпарып ташта токойго, / Катыныңды ардантып, / Алып келбей таштап кой, / Ошол жерге саргартып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куткарбастан кол сурап, / Бир оокумда сен барсаң, / Кыйамына келтирип, / Кылган ишиң сен айтсаң, / Хан казабы жаман деп, / Уккан элди саргартсаң, / Жаралуу аркар көздөнүп, / Жанаша сага мен бассам, / Куткарбастан ошондо, / Салтың артат, падышам, / Нускалуу сөз байкасаң, / Ушунчалык мен айтам, / Куу булу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…алат — деп, / Семетейди чыңыртып, / Гүлчорону күйгүзүп, / Канчорону каргантып, / Хан Бакайды байлатып, / Каныкейди айдатып, / Айчүрөктү зарлантып, / Жалгызекти саргартып, / Байтайлакты ыйлатып, / Баарын булар алат — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →