саргар
- Сары түскө айлануу, саргыч тартуу.
- Убайым, санаа тартып зарыгуу, өңдөн азуу, оорудан иреңи саргыч тартып көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
менен моңгулга, / Таңгыт менен манжуга, / Айтып муну баралбай, / Санаасы миң, кыйал көп, / Жатып уйку алалбай, / Өзүнчө оору болуптур, / Күнү-түнү толгунча, / Саргарып өңдөн оңуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…, / Өрдөк, чүрөк, кайырма, / Аралашкан соно бар, / Салынып келген деңизге, / Сандуба деген жер ошо; / Калкайып кара көрүнгөн, / Карачайдын кени ошо; / Арасында саргарган, / Алтын менен күмүштү, / Казып жаткан эл ошо; / Каарына алса чоң Туңша, / Каптап келээр сел ошо; / Катар-катар тамы бар, / Сейрек тарткан багы бар, / Жон атаг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колуна түшүп мен калдым, / Коркуп өкүм саргардым, / Жаш элем жаным койгун, — деп, / Азар түмөн жалбардым, / Адам айткыс кеп айтып, / Алда канча каргандым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…тар дырылдап, / Тескейдеги карагай, / Бойун созуп карашып, / Тал менен кайың бой жасап, / Карагайга жанашып, / Четин менен табылгы, / Кыпкызыл болуп жарашып, / Саргарган чөптөр ыргалып, / Кеңкол ата, чоң Талас, / Кадимкидей түрдөнүп, / Береке кирди тоо-ташка, / Баштакыдай сүрдөнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Саргарып эгин бышыптыр, / Алманын шагы ийилип, / Кыргыек учар табы экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →