сарбап
- Барча, жибек кездеме.
- Алтын, күмүш жип аралаштырып токулган кездеме.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Хан атаң өлсө келбепсиң, / Калкыңдан угуп жүрөмүн, / Күнүгө чаап садага, / Баккан экен сарбаптап, / Ашы–жытын бербейсиң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты караса, / Жуп кара атка тарттырып, / Аруудан жабуу жаптырып, / Коңгуроолор тактырып, / Сарбаптаган кештелер, / Сарамжалын так кылып, / Каныкей келин ошондо, / Кирип келди бул топко.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тирүүңдө конгон элиңе, / Кут жайнаган дөөлөт-бак, / Бактың эле кар кылбай, / Асырап элди сарбаптап, / Көрбөй тирүү көзүңдү, / Тууганың турат зар какшап!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…Куунайза, сенин дөөлөтүң, / Көөдөндү керип дардактап, / Бизди бактың канча жыл, / Канаттууга кактырбай, / Эркин койуп ардактап, / Эркелеттиң алыңча, / Онубузду сарбаптап, / Бизди салгын алдыга, / Өлүп кетсек майданда, / Өлгөндөргө өк болуп, / Жөлөк болуп тирүүгө, / Кууп алчуу сен барсың, / Сенден кийин калганда, / Ишке бизди ки…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сарбаптап токуп ким минет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →