сарбаз
- Черүү, солдат, аскер.
- Кокон кандыгынын убагында – атчан черүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Сарбаздар атты жетелеп, / Жүгүрүшүп энтелеп, / Калдаңдашып ашыгып, / Кары жашы шашылып, / Калдалаңдап жүгүрүп, / Кашкалаңдап сүйүнүп, / Аттарын туура тартыптыр, / Үзөңгүгө бут салып, / Шаардан чыкты аттанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— деп, / Аскерине айкырып, / Он эки балбан, бир сарбаз / Бир найзаны он үчү, / Алып келди далдаңдап, / Кечигип калат дегенсип, / Тапак барды калдаңдап, / Колуна найза тийгенде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Куунайза менен он балбан, / Баарысы мага чоң жардам, / Жүз миң аскер кырк сарбаз, / Элүү бир болду баш адам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →