саратан
- Күн ысый баштаганда учуп чыга турган сары коңуз.
- өт. Күн абыдан ысып турган мезгил – жайдын толугу – жай чилдеси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…йышып, / Буту ийилип жатса да, / Кайрат менен тайышып, / Чама кетип, так чарчап, / Кармалай колдор карышып, / Кара бойу дал болуп, / Кол кармалбай шал болуп, / Саратан тамыз ысыкта, / Кара бойдон аккан тер, / Өтүктүн ичи суу толуп, / Күн жашынып аңгыча / Жарыгы жок түн болуп, / Кирип барды Бекбача, / Май тору менен чуу койуп:…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө кыш болуп,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →