сарап
- диал. Үстүнө устун же чабактын баштары илингидей кылып дубалдын ички кырына узатасынан коюлган жоон жыгач.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Минген атын опчулап, / Боорунан күмүш топчулап, / Мойнуна жалгап жаптырып, / Топурак тоздоп кирдебес, / Көзүнө сурма тарттырып, / Эр айнегин сарапча, / Ат айнегин сурма деп, / Айтылып калган ошол кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ат катар кийгени, / Тизесинде кисепче, / Үзөнгүдө калдыркан, / Алдынкы ээрдин кашында, / Жойкумасы байлалуу, / Эки миздүү канджардан, / Алтоо-жетөө камдалуу, / Сарапча тартып көзүнө, / Көргөн киши таң калат, / Бул капырдын өзүнө, / Өчөшүп жаман келатат, / Темиркөккө актанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Абаң Бакай карыйа, / Таш сеңирдин тумшукта, / Салынып келген урчукта, / Сарапча тартып көзүнө, / (Кандай айтып сөз жетет, / Байыркынын кээсине?) / Ташбараңды бетке алып, / Көлдөн келчү жылганы, / Маңдайында бет салып, / Алмамбет айткан өрд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жүзүмдү киши көрөт, деп, / Башынан барда албаган, / Кишиге көзүм тийет, деп, / Сарапча көздөн албаган, / Кузуруна каласың, / Булардан мурда сен барсаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бир жак канат мүрүдөн, / Үзүлүп чыгып калкылдап, / Өйдө учалбай Карала ат, / Жерди көздөй самсаалап, / Түшкөнү калды Чынкожо, / Сарапча ташка жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →