сарамжал
- Тыкан, таза.
- Кам, бүйрө.
- өт. Акылдуулук, баамчылдык.
- Жабдуулар, шаймандар; курал-жабдык.
- Тиричилик түйшүктөрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…кылдап, / Кундуз менен жээктеп, / Куйушканын байлабай, / Күмүш менен тээктеп, / Үзөңгү күмүш жалтылдак, / Тогоосу алтын жаркылдап, / Артайыл, тогоо алтындан, / Сарамжалы артылган, / Ээр-токумдун жанында, / Бара албай киши тартынган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Келе жаткан калың көч, / Мадыбектин беш үйү, / Сарамжалы бүт үйдү, / Салакалуу чоң үйдү, / Келе жаткан силерге, / Алып барып бергели, / Талаа-түзгө жаткырбай, / Кеңколго алып келгели, / Келе жаткан Мөңкөтай, / Ушул эле кеңеши.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Калкында болсо кыргыздар, / Какшай берет турбайбы, / Он экинин бири жок, / Сарамжалга келгенде, / Уй байларга жиби жок, / Уруштан башка иши жок, / Кой деп айтар киши жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты караса, / Жуп кара атка тарттырып, / Аруудан жабуу жаптырып, / Коңгуроолор тактырып, / Сарбаптаган кештелер, / Сарамжалын так кылып, / Каныкей келин ошондо, / Кирип келди бул топко.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ком жыгачы баары жез, / Сарамжалың болсун тез.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →