сарала
- Мыктысын, тазасын, жакшысын тандоо, издөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ортосунда Бекбача, / Сарала атчан, сары сакал, / Кара бойун чаптаган, / Карк алтынга каптаган: / Оң жагында бирөө бар, / Темир көк жалдуу ат минген, / Көпкөк темир кийинген, / Өңгө жандан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…дой болгон Манасын, / Белгилеп болдум бул элдин, / Колунан жумуш келерин, / Айлаңар жетип, ал келсе, / Тез болуп калса силерге, / Чубак, Сыргак дегенин, / Жана Сарала атчан бирөө бар, / Элдин турат четинде, / Байкашымча караанын, / Арзан киши дебеймин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Деп өкүнүп бир далай, / Жол аруусун билгени, / Жолуна Алмаң киргени, / Кайта келип Алмамбет, / Жараганы керекке, / Алдындагы Сарала, / Аса байлап терекке, / Башына мамык жастанып, / Жатып калды жай алып, / Муну мындай таштайлы, / Коңурбайдын сыйкырлуу, / Кароолунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тору кыз берген Карасур, / Чачыкейдин Койтору, / Байбиченин Боз жорго, / Бакай хандын Сурчолок, / Сары хандын Туучунак, / Ажыбайдын Карткүрөң, / Алмамбеттин Сарала, / Каныкейдин Кашка аргымак, / Абыкенин Актелки, / Көр Көбөштүн Суртелки.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Үчөөбүздүн тең көйнөгүбүз апийимге чылап алгандай сарала болуп, каңырсып турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →