сарай
- Падыша жана анын жакындары туруучу ордо.
- Малга, айыл чарба шаймандары үчүн салынган курулуш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кек кылбады Чигитей, / Сарайын терең каздырды, / Сый-зыйнатын ашырды, / Мөңкөтайдын өлүмүн, / Сылап-сыйпап жашырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Акылман Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Сырттан Сыргак кайран эр, / Кат жазуучу сарайда, / Акылдашып олтурса, / Каныкей кирип эшиктен, / Кашкайып карап турду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– деп, / Карабуура, Чаткалды, / Өрдөп чыкты Айчүрөк, / Ай туулуу сарай, Аккүмбөз, / Көр, деп чыкты Айчүрөк.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Орулбаган эгиндер, чөптөр, ак сарай үйлөр күйүп, түтөп артта кала берди...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Сарайга кирсең, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды көрөсүң.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →