сапыр

китептерде 127 жолу, 9 китепте
  1. Суюк нерсени суутуу же аралаштыруу үчүн сузуп алып кайра чубуртуп куюп туруу.
  2. Желге салып данды топон-чардан тазалоо.
  3. Чачуу, тозоңдотуу, чаңдатуу.
  4. өт. Ысырап кылып жоготуу, коротуу, курутуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сайып алам дегенсип, / Сапырылтып тозоңду, / Адам карап туралгыс, / Кокүн деген ошону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…үнө кылам,деп, / Коросондун каалгасын, / Бузуп кирди талкалап, / Күмбөзүнө айкөлдүн, / Кастык кылып жүрбөсүн, / Так түшүрүп баткалап, / Сайа түшүп изин кууп, / Сапырылтып жөнөдү, / Башка жакка бурулбай, / Таласты карай беттеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айбаны атка мингизип, / Өлгөн жанын тиргизип, / Турганында кангайлар, / Кабылан баатыр Керкөкүл, / Качырып кирди айанбай, / Керкөкүлдү көргөндө, / Айба кирди тура албай, / Жарсары менен чуратып, / Сапырып чаңын буратып, / Тоодой болгон айбаны, / Толкуп турган эр Көкүл, / Томоро сайды кулатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сандалып турган калың журт, / Сапырылып барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ «Булкунтуп тулпар минели, / Урушпай жүргөн жоо беле, / Сапырып, кырып иели? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →