саптуу

китептерде 21 жолу, 8 китепте
  1. Сабы бар, сапталган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Катын Көкөй каарданып, / Каарын төгүп бетине, / Чаар чыгарып көзүнөн, / Ачууланып сурданып, / Сур жибек бедер чалган боо, / Бүктөмө саптуу ак тинте, / (Акун хан арнап жасаткан, / Биринен көрүп усталар, / Атаандашып жасашкан, / Бай эле Көкөй атасы, / Ага-ини жок эле, / Жалгыз кызым Көкөй, деп, / Ал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Баары аскери камынып, / Алдынан тосуп жабылып, / Каадасы экен алардын, / Тизилип сапка жалынып, / Кирип жатты Кызыл алп: / — Мага тамак дайарлап, / Так тойгундай кылып бак: / Санаты болсун алтымыш, / Аракка толсун саптуу айак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…Арстан Манас баш болуп, / Хандын баары калдырап, / Кошойдун жолун караса, / Тоодой тору аты бар, / Колуна алган кушу бар, / Ээрчиткен тайган ити бар, / Толгомо саптуу камчы бар, / Жанында эки киши бар, / Кадырлуу Кошой абаңдын, / Көрө койуп караанын, / Урматын кылып бардык хан, / Түшүшүп тегиз атынан, / Көрпөчөнү жайышты, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таң эртеңки суусуна, / Көнөк менен сүт берип, / Күрмөгүн койбой тердирип, / Актаган күрүч жем берип, / Сүр куйруктан үч күндө, / Саптуу айак менен бир берип, / Карт муун болгон Тайтору, / Бар денесин жумшатып, / Уйкусу абдан кангыча, / Килем салып жаткырып, / Тайторуну жуушатып, / Көлөкөгө асты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ойуна чоро муну алып, / Толгомо саптуу камчыны, / Толгой кармап имерип, / Тоодой болгон Буурулду, / Томукка тартып жиберип, / Тийген жери кан болуп, / Чыргалай түшүп бүгүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →