сапсай
- Апсаюу, апсайган көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карасынан чаары көп, / Көзү чекир сарыча, / Ыраңы кара чочконун, / Ташбаканын түрүндөй, / Сары түгү сапсайган, / Кирпи чечен түгүндөй, / Сакал менен мурутка, / Деги темир тийбеген, / Жапайы доңуз жүнүндөй, / Жыландай өңү өтө чаар, / Сүрөтү адам болбосо, / Сөлөкөтү башка жан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыжырланып ошентип, / Азуулары кычырап, / Эттерине сары түк, / Соотту тешип саксайып, / Токойдон чыккан шер өңдүү, / Сакал, мурут сапсайып, / Ачып көзүн караса, / Ай тийгендей чакчайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →