сапар
- Жол, саякат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кара сакал хан Жанай, / Кайраты бар эр экен, / Касиеттүү неме экен, / Ал сапар барган моңгулду, / Талап алган кеп экен, / Кеңешип инген моңгулу, / Бизди Жанай чапты деп, / Коктукатка Курчунга, / Кабар кылган кеп экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Куткарып койуп жездесин, / Андан кийин кутурсун, / Келбей койсо бул сапар, / Кыргыз берген туз урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тилин сунду булайтып, / Жети сапар Гүлчоро, / Семетейдин сыдырды, / Кызыл тилин чубалтып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сары абаң сапар кеткенде, / Салтанаттуу бул элдин, / Түбүнө чоро жеткенде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Сага убал болгон экен, алыс сапарга бара жатканыңды билбей атыңды жеп койбодумбу.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →