сансыз
- Эсеп жеткис, сан жеткис көп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кабар угуп Курчун хан, / Сансыз аскер кол жыйган: / «Билсең дагы билбесең, / Чаңбейсенди жердеген, / Намысын колдон бербеген, / Кара сакал Жанайдыр, / Кара сакал Жанайдын, / Бул кылганы кандайдыр?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жар чакырып кыргызга, / Кыз барбы деп кыпчакта, / Кырк жигитим чаптырдым, / Кыйыркы сансыз кыштакка, / Анда Алмаң мындай дейт, / Айалдарын сындайт дейт: / — Кечээ келип мен бүгүн, / Арбыбасын дүрбөңүм, / Катын алам дебеймин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мен да бардым темтиреп, / Сансыз кыздын сүрөтү, / Асылыптыр мелтиреп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алыста калды сансыз жан.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
…тандап келип ушул жерге чыккандай, көйкөлгөн, сулуу чөптөрдү теңселтип, жибектей жылып турган таза желге, көкүрөгүмдү тосуп турганымда бир көңүлүм сергип, өзүм сансыз жылдан берки туткундуктан азат боло түшкөндөй болуучу элем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →