санжыргалуу

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Санжыргасы бар, кооздолгон.
  2. Бутуна санжырга боо тагылган (кыраан куш жөнүндө).
  3. Мансаптуу, беделдүү, кадыр-барктуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Санжыргалуу Манастын, / Салтанаттуу көкжалдын, / Сала калуу чоң ордо, / Сайкашка жаткан борборго, / Ойноктотуп Мааникер, / Айдар барды ошондо, / Аралап жетти жаш Айдар, / Арстандын үйү кайсы, деп, / Сурарга киши таба албай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кечээ тумшуктун жолун тоскондо, / Баары журттан озгондо, / Коңурбай менен Жолойдун, / Миң төөлүү чайын алганда, / Сары колду чапканда, / Санжыргалуу калчанын, / Сан топосун жыйганда, / Кашкардагы калдайдын, / Кармап башын кескенде, / Кандабай тонун чечкенде, / Кароолун чаап кайтканда, / Ополдун тоосун айлан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Санжыргалуу Гүлчоро, / Салты башка жай ташты, / Салып сууга байлады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →