сандык

китептерде 39 жолу, 9 китепте
  1. Кийим-кече, буюм салууга ылайыкталып, көбүнчө кооздолуп жасалган, кулпуланып бекитме үкөк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Убадаңды бек кылсаң, / Чачылган малды бүт жыйсаң, / Сандыкта зарды жам кылсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чамасы кетип, так чарчап, / Чакчелекей ал Көкөй, / Баласынын сандыгын, / Барып ачып карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…нда турчу эле, / Утур келип ал жерге, / Шаңкай кыргыз элдерге, / Кененимге айткын, деп, / Азабыңды тарткын, деп, / Адамына тийбеди, / Басып жүргөн тирүү мал, / Сандыктагы алтын зар, / Орого куйган эгин бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Токтунун этин ашадым, / Токсонго чыга жашадым, / Серкенин этин ашадым, / А, балам, сексенден аша жашадым, / Темир сандык ичине, / Салып койуп бакса да, / Ажал чиркин кес келсе, / Тоңкойуп өлүп жатамын, / Акыры салат чеңгелин, / А, балам, ажалдан кантип качамын? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Эч нерсе сездирбестен кызды сандыгы менен көтөрүп, жерге түшөт дагы Болгонго келет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →