санда

китептерде 39 жолу, 7 китепте
  1. Көп санда болуу, көп болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сандап аскер сап болуп, / Жабыла минсе атына, / Бекбачанын жеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Санаасы санда, кыйал миң, / Өңү кетти бузулуп, / Өпкөсү калды кысылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жапалдаш сары чечекей, / Апийинден кем эмес, / Эрмен менен боз куурай, / Кайнатып суусун жууганда, / Териге желди жуктурбай, / Көлү менен күлепше, / Көп экен дары бул жерде, / Тал мыйа менен кекире, / Табылбайт бизде дегеле, / Сандап жатат ар жерде, / Дары эсептеп билесе. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Хан Манастын үйүнө, / Хандар келди чогулуп, / Залдын баары сарайда, / Сандаган черүү айылда, / Чоңдун баары борбордо, / Чогулган черүү айылда, / Кечиндеси Каныкей, / Дагы келди байагы, / Төрт баатырдын жанына, / Кеп бар айтар жадында: Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…лер көп болсо, / Ак кишиси азыраак, / Куткарбаска касыраак, / Кара беттүү киши көп, / Маанайы анын басыраак, / Сары кишиси баары сак, / Куткарбастын артынан, / Сандап чыгат сап-саптап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →