санаттуу

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Сөөлөттүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…гонду бекем салыптыр, / Каныкей арып иштетип, / Толук кылым болгунча, / Томолонуп кетпеске, / Күмбөзүн бекем салыптыр, / Асманда жүрсө канаттуу, / Акылга нуска санаттуу, / Адамдан артык Чүрөктү, / Эр Семетей алыптыр, / Кара кыргыз журтунан, / Кутулуп кимдер калыптыр? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айдай эне Айчүрөк, / Арыбын айтып адамдын, / Акылы жетпес, сөз жетпес, / Асманда учса канаттуу, / Сууда жүрсө балыктай, / Ар өнөргө санаттуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…гөндө, / Өкүмөт күткөн бир далай, / Өзүнчө келип Көкчөгө, / Нөөкөр болгон бир малай” / Туңшасында турганда, / Журт сураган бир далай, / Саптап келип Көкчөгө, / Санаттуу жүргөн бир малай: / Элиңди таштап шимшилеп, / Эмине келдиң бок бардай?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Асманда учса канаттуу, / Дөөпери пери адаттуу, / Адамзаттан өөдөрөөк, / Алда канча санаттуу, / Бул ааламды бир мезгил, / Ошолорго каратты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көрүнгөн элдин көзүнө, / Жолборс менен канаттуу, / Арстан шердин тукуму, / Мана мындай санаттуу, / Көрүп туруп Ботогой, / Эсинен бир аз адашты, / Бала жолборс ошондо, / Карматмак болду адатты, / Каарданган Ботогой, / Тик качырып жанашты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →