санак
- Эсеп (көбүнчө малдын эсеби).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Сулаймат, Карадөө, / Алыке менен Шатыке, / Шукшурма менен Суктанма, / Калыбектин хан Калча, / Азыркы жүргөн бендеден, / Кара тоодой бир барча, / Кара аскерден санак жок, / Жөө тумандай сан канча, / Карадөөнүн кенжесин, / Аларга салган азабын, / Сейитимдин казабын, / Бенденин көзү көрбөсүн!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мабу жерде үч урук, / Айтышыңча, Мадана, / Бүгүнкү күнү түш менен, / Аттанат аскер чубуруп, / Саатына кетип Шооруктун, / Кетет экен кан агып, / Санаксыз киши кырылып, / Келген экен бул иттер, / Коросон, ооган, жедигер, / Калбай баары жыйылып, / Мындан кийин бул үчөө, / Келгис болсун Таласка, / Кан буугандай тыйылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…им, / Жалгыз жүрүп көптү алган, / Нойубаган эреним, / Эрлик жолдон тайбаган, / Эч кимге алын айтпаган, / Көрүнүп ажал турса да, / Башын булгап качпаган, / Сан- санаксыз жоо келсе, / Сабылып коркуп шашпаган, / Көптү көрсө күч алган, / Өрт жалындай тутанган, / Намыска белин буунган, / Кан менен колун жуунган, / Кан төгүшкөн ким …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыз- күйөө болуп эрендер, / Куйрук улаш кетиптир, / Эл чогулган бир жерге, / Эр Алмамбет жетиптир; / Алтымыш калдай, миң балбан, / Чөкөтаандай карарып, / Кара аскери санаксыз, / Турган экен камалып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— / Деп, ошентип Кызыл дөө, / Эки күнү камынып, / Минерине пил алып, / Жыгачтан кылган желкенин, / Сан санаксыз көп алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →