санаалаш

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Пикирдеш, сырдаш; ой-санаасы бирге, ой-тилеги бир.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Амал менен туралы, / Саламаттын хан Калдык, / Таңгут, маңгыт, тыргооттор, / Калдайып мында келгинче, / Өлгүнчөктү Саламат, / Урпагына Манастын, / Жакын болду санаалаш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түп атасы Сынчыбек, / Арстан Манас төрөгө, / Акылдашса акыл бир, / Жаткан жерде жатын бир, / Жат душманга намыс бир, / Алты шаар, Анжыдан, / Атактуу Кеңкол, чоң Талас, / Жайыттагы малы бир, / Сандыкка салган зары бир, / Сактап алган даны бир, / Санаалаштын бири бул. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эң түбүндө калганы, / Коло, чойун, коргошун, / Салтанаттуу Аккелте, / Сандолун кылып атарда, / Салар огу бул болсун, / Залкар Манас жолборсуң, / Санаалаш Бакай жолдошум, / Ишимдин билдим оңдугун, / Айтканы-айткан болоорун, / Жат душмандын башына, / Арылгыс кайгы муң болсун, / Эртең айдын он беши, / Дүйнө бүткөн … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз элинде, / Улуу-кичүү, кары-жаш, / Эркек-айал аралаш, / Боз улан-кыз чамалаш, / Болбосо булар санаалаш, / Баарың калдың кайыр-кош! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыз сулуусу Тынымкан, / Кыргыздан чыккан кырааны, / Алмак болуп той болсо, / Кирип –чыгып аралаш, / Аларга болуп санаалаш, / Жүрөр күнүм болорбу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →