санаа

китептерде 237 жолу, 10 китепте
  1. Ой, тилек, пикир.
  2. Капа, кайгы, убайым.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айкөл Манас баатырдын, / Акылынын даанасы, / Кылган ишин карачы, / Токсон уруу түрк уулун, / Алтымыш уруу алаш деп, / Баш коштурган санаты, / Он төрт хан кылып чогултуп, / Тынган экен санаасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…акшап, / Чигитейге баралбай, / Же кетип калгын кайра, деп, / Кычырып келген каркыттап, / Кытай менен моңгулга, / Таңгыт менен манжуга, / Айтып муну баралбай, / Санаасы миң, кыйал көп, / Жатып уйку алалбай, / Өзүнчө оору болуптур, / Күнү-түнү толгунча, / Саргарып өңдөн оңуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Санаасы санга бөлүнүп, / Тирүүлүктөн өлүмү, / Карыш жакын көрүнүп: / “Кененимди угушта, / Кең пейил деп угамын, / Пейли мага кең болбойт, / Саламатты бузганым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бузуку болсо арада, / Батырат кээде санаага, / Кытайдан келген Алмамбет, / Казакка келип эл болгон, / Айдаркандын Көкчөгө, / Арка тирек бел болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ажырашып бөлүнүп, / Арылды элдин санаасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →