самын
- Кирди жууп чыгаруу үчүн колдонулуучу май жана жегич щелочтордон жасалган катуу же суюк масса.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тарамышың чыйратып, / Кара бойуң чыңдагын, / Жүз жууганга ар күнү, / Аптабаңды камдагын, / Жоолук, самын керектүү, / Бар нерсеңди жамдагын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Манасты көрүп Коңурбай, / Тиштегенден тура албай, / Көмөкөйдө күркүрөп, / Чилдедеги буурадай, / Каары кайнап көзүнөн, / Заары чыгып жүзүнөн, / Бузулган самын кептенип, / Ээрдин кесе тиштенип, / Жойкумасын жойлотуп, / Алгаратын ойнотуп, / Келе жаткан Коңурбай, / Жойкума салып кабына, / Найзасын алып колуна, / Карап т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тапан хан кары, сен жашсың, / Тапан хандан баш тарткын, / Бар ишиңди бүтүрчүү, / Тирүү турам, мен бармын / Терип сүйлөп термелеп, / Самындай эзип олтурбай, / Ушул сырым, мен айттым, / Көңүлүң болсо мен жакта, / Сөзүңдү токтот, тез кайткын, / Куткарбас бизди колдойт, де, / Тапан ханга сен айткын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Карманып Татан каарданып, / Бой чайандай заар салып, / Мингени тору Тобурчак, / Колуна чокмор карманып, / Булгаган самын кептенип, / Бузулуп өңү карарып, / Канасың, Татан баатыр, деп, / Куткарбас айтып койгонго, / Доңуздан бетер жон алып, / Беттеп басты Сейитти, / Кармашмак болуп кол салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
таш, / Ойго учуп чыркырап, / Күкүм болуп чачылат, / Кумдан бетер быркырап, / Алдындагы Койкүрөң, / Жебедей болуп зыркырап, / Учкан куштай дыркырап, / Маштаган самын кептенип, / Кыйаздын түрү бузулат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →