самсы
- Тынымсыз чубашуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…атан, / Кирип келди шалактап, / Матан менен Конушбай / Бекбача айтат момундай: / — Ламаны сойуп хан алып, / Лахаса тартып шаар алып, / Текши тоолуу жер алып, / Самсыган Таңгыт эл алып, / Уулун жумшап кулданып, / Кызын жумшап күңдөнүп, / Жүрөсүңбү хан Матан?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ир, / Бир чочутуп ийгенге, / Бир шилтем найза керектир, / Унутуп калба, туйгунум, / Абаңдын кеби керээздир, - / Аңгычакты чыгууга, / Саймалуу сары шым кийип, / Самсыган жорго ат минип, / Салып Көкчө келиптир, / Агеркеч ишмер катын, деп, / Абаң угуп жүрүүчү, / Шымын сурап кийиптир, / — Керек болсо сизге,- деп, / Чечинип Көкчө б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кетпеген болсо кум басып, / Башы ылдый келемин, / Куу түлкүнү мен кагып, / Айтып койуп Алмамбет, / Жүрүп кетти жолуна, / Сарала менен самсытып, / Эликтей көзүн жайнатып, / Ооздугун чайнатып, / Алакең жолго салыптыр, / Кумдан барып из чалса, / Түлкү кадам баспаптыр, / Абалды билип Алмамбет, / Асманды ачып таштаптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Боор олоңун бек тартып, / Алмамбеттин бадана, / Сары алтындан көздөгөн, / Самсыган кытай Бейжинде, / Салтка кийген тон ошо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →