самсаала

китептерде 50 жолу, 9 китепте
  1. Салбырап, салаңдап ылдый түшүп туруу.
  2. Дал-дал болуп жыртылуу, эскирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манастан калган сыр найза, / Булчуңду кетти аралап, / Тарамыштан найзага, / Түрмөк-түрмөк канчасы, / Илинип чыкты самсаалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Шаарынан чыкты шартылдап, / Жөө тумандай самсаалап, / Ак асаба, көк желек, / Асманда барат калкылдап, / Кийгени соот күрөөкө, / Күн чагылып жалтылдап, / Токтоно албай кара жер, / Каарданып сурданып, / Карагай н… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мурун жүрсөң курбалдаш, / Бүгүн барсаң мааналап, / Биз барабыз аркаңан, / Ооган жүктөй самсаалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…атыр жыттанган, / Мурунду жарып буркурап, / Сүйкүм шамал зыркырап, / Молдо торгой сандыгач, / Туш-тушунда чуркурап, / Бүлдүргөн менен мандалак, / Төгүлдү жерге самсаалап, / Андан башка мөмөлөр, / Толуп жаткан канчалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жайдак болбой бардык нар, / Төө жабуу салып комдонсун, / Самсаалатып чачысын, / Четине жибек тор болсун, / Буйласы калай, жез чынжыр, / Кем-керчиси болбосун, / Үчтөн төөгө бирден тың, / Жүк артарга уул болсун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →