самоор
- Ортосунда от жагылуучу кубуру бар, суу кайнатылуучу чорголуу темир идиш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жарды киши калган жок, / Карыз-өтүнө мал сурап, / Бар кереги үйүндө, / Жатты кыргыз тунжурап, / Жайдын күнү төр-төрдөн, / Шамал айдап май бурап, / Самоор кайнап ар үйдө, / Ызы-чуу түшүп чуркурап, / Тиш кычуусун кандырып, / Жаштардын жеши бир мезгил, / Куйрукка буудай чөгөрүп, / Семизинен баса албай, / Кишинин ба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Самооруна чай койуп, / Дасторкон ачып буластап, / Бар тамагын жай койуп, / Сымбатуу кыргыз кыздары, / Чай куйуучу ушулар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Самоорлорун кайнатып, / Дасторкондун бетинде, / Сары кантын жайнатып, / Татты менен чай берип, / Ашыктырбай жай берип, / Дасторконун жыйдырып, / Бата-дуба кылдырып, / Ырчы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Самоордун сары жезинен, / Аптабанын мисинен, / Айабай тандап келишип, / Аптабын колго алып, / Самоордун суусунан, / Жүз жууруна беришип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…йтып Абыке, / Семетейдей чунакты, / Ээрчитип алып жүргөнү, / Ак сарайга киргизип, / Көрпө, килем салды эми, / Дастарконун жайдырып, / Кант, мейизин койдуруп, / Самоордон чайды куйдуруп, / Ак чайнекке демдетип, / Суусунуна чунактын, / Кымыз алып келди эми, / Бакай менен Семеңге, / Конок кылып бермекке, / Кысырдан кармап сойдуруп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →