саман
- Дан эгиндеринин данын алгандан кийинки калган кургак сабагы.
- өт. Абдан көп, мол.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
болсо да, / Эбегейсиз шер Асыл, / Аралап кирген жеринде, / Албарс менен кайсалап, / Топ-топ турган кошуундун, / Торопойун тоздуруп, / Тобун бузбай талкалап, / Самандан бетер сапырып, / Суудай канын агызып, / Сабын бузбай сулатып, / Беттеп сайып беш-ондон, / Утур келген кишини, / Томолотуп жол-жолдон, / Найзакерди сандалтып, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Териңди тетир сойомун, / Саман салып териңе, / Коросондун дарбаза, / Ошого асып койомун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эже-жездең аман, де, / Бадыкөл пейли жаман, де, / Корконунан жездеңиз, / Өңүнөн азып саман, де!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жалгызек баатыр бүркүттү, / Үч түлөтүп ал салган, / Азуулуудан жолукса, / Каман, бөрү, түлкү алган, / Кашкулак, карсак, саманчы, / Көргөнүн качан куткарган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мамыр, Чүрк, Сатымбай дегендерди көз көрүнөө баса калып, саман менен өрттөп өлтүргөнүн уктук.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →