салынуу

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Салынган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бербеймин деп айтканга, / Чынгыштын алы келбеген, / Салынуу кашык каадасы, / Калың малы бар, — деген: / “Жетимиш там үйүм бар, / Жеке алтынга толтургун, / Жетимиш миң кул бергин, / Жергелетип эл бергин, / Жер жайнатып мал бергин, / Күнүнө бирден адамды, / Тандап сойуп мен жеймин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Султандан калган алма баш, / Машага милте илинүү, / Тартып алды ийнинен, / Ичинде огу салынуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Мен Тапан хан тирүүдө, / Тапкан-терген барымды, / Алтын күмүш-зарымды, / Жайыттагы малымды, / Салынуу шаар тамымды, / Жергелеш бирге элимди, / Шоркөл сындуу жеримди, / Сага арнап, кыз бийкеч, / Мен байлайым белимди, / Мыдырап жаным турганда, / Бузалбайым кебимди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жайма көкүл жаш Айдар, / Мааникер минип булкунтуп, / Талдуу токой жер келсе, / Так түйүлтүп олтуруп, / Терең, бийик коо келсе, / Терең, эндүү аң келсе, / Тик түйүлтүп отуруп / Улуу бешим мезгилде, / Самарканда Манастын, / Салынуу турган ордого, / Барган экен ошондо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кылычы кында салынуу, / Кыйындыгы таанылуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →