салым
- Бир нерсени өнүктүрүү, көбөйтүү үчүн болгон кошумча.
- Өлчөм, бир же бир нече ирет салынгыдай өлчөм.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Беш катар салып салымды, / Ар жылы элден жыйнасаң, / Кыз төрөгөн катынды, / Эркек бала туубайт деп, / Аны айабай кыйнасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Салым салып, мал албай, / Санап туруп зар албай, / Айттырып атын шаар албай, / А сулуу кызын дагы албай, / Суу укурук кармабай, / Чубуртуп жылкы айдабай: / — Өзүмө жетет бар малым, / Коңшулаш сага Коросон, / Кошуп элин сен алгын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…, / Баарынын көөнүн жайлаган, / Кененим айткан кептерин, / Чыгарбай эстен жаңы хан, / Өзү мыкты неме экен, / Күчү начар болсо да, / Акылга дыкан эр экен, / Оор салым элде бар, / Борборго алса экини, / Бөлүп алчуу бешөө бар, / Ордодон чыккан экөөнө, / Кошулган элден жетөө бар, / Күндө салык дей берип, / Таап бере албай салык…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →