салык1
- Жеке адамдардан жана өндүрүш ишканаларынан милдеттүү түрдө алынуучу мамлекеттик алым.
- Ар кандай буюм-теримдин, мүлктүн катып же бир жакка салып коюуга ылайыкталган таңгагы, катып же бир жакка салып коюла турган буюм-терим, мүлк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Желпилдеп кызыл туу менен, / Жез барабан чуу менен, / Коргондон чыгып аттанып, / Камчы булгап Бекбача, / Татыбек бар жанында, / Орунбайды чакырды, / Ага жана тапшырды: / — Ордодо калдың Орунбай, / Багып тургун Таласты, / Элдин көөнүн орутпай, / Жок жерден салык таппагын,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Азар түмөн малы бар, / Байлардын салык зары бар, / Жардысы жок элимде, / Жалпы тегиз баары бай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…н, / Жашырбаймын мен сенден, / Кекери кетпей энеңдин, / Ушул үйгө келгенден, / Күмүшбулак, Түзкерүү, / Бүткүл аркар жергеси, / Күн чалбас Күмүшбулакта, / Карды салык кара аркар, / Жалгыз жүрөт кумда оттоп, / Ага барбайт башка аркар, / Кол башындай сандыкка, / Салып койуп сактаткан, / Жети чымчык жаным бар, / Минип жүргөн То…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Аз келгенсип анысы, / Алым, салык көп алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Окшошкон салыктар, эми отургула, кудай силерге берди!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →