салтанаттуу

китептерде 25 жолу, 7 китепте
  1. Салтанат менен өткөрүлүүчү, шаңдуу, даңазалуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бактыбайдын элинде, / Сакадай деген бар эле, / Салтанаттуу иш кылган, / Салттуу эрдин бири эле, / Кененимдин элинде, / Сары айар деген бар эле / Сак сакташкан мезгилде, / Сактын бири ал эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Буудайык хандын Музбурчак, / Сакалы келген бир кучак, / Саадагы күмүш, карк алтын, / Салтанаттуу көп казак, / Жеткен экен жол менен, / Сексен төрт санча кол менен, / Кол эсебин алды эле, / Колун катка салды эле, / Өзүмдүн досум дегенсип, / Көк жоргосун түйүлтүп, / Куйругун жерге шүйүлтүп, / Баштап Бакай жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Салтанаттуу чоң Калча, / Минген аты Көкала, / Бетинен чыккан ыдыгы, / Ысык кумдун жалынча, / Салкыны сырттын желиндей, / Кебелбейт эле чоң Калча, / Сайышаар жоодон эринбей, / Көтөргөн чокмор жүз батман, / Жолуккандан жан алган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Салтанаттуу хан болом, / Ар түлүгүм шай болом, / Окшош боздон бээ ылгап, / Өтө кары болбосун, / Алды болсун эки асый, / Аркасы бышты бар болсун, / Энеси менен баласы, / Окшош болуп өң жагы, / Санаты сексен ал болсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сары абаң сапар кеткенде, / Салтанаттуу бул элдин, / Түбүнө чоро жеткенде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →