салтанатта

китептерде 3 жолу
  1. Салтанаттуу кылуу, шаанилөө, бир нерсени шаан-шөөкөт, даңаза, оюн-тамаша менен өткөрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…кел тулпар камда, — деп, / Аккүбө тонду жапкыла, / Асабаны аскыла, / Алып келип ат-тонду, / Алмамбетке тарткыла, / Салтыбызча Алмаңа, / Сары улактан тапкыла, / Салтанаттап урматын, / Садагасын каккыла. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…машага балкытып, / Тойдун салтын эрекче, / Мурдагыдан арттырып, / Күнү-түндүн ичинде, / Беш маал этти тарттырып, / Сай күлүгүн чубатып, / Кубанышка чаптырып, / Салтанаттап нускасын, / Ырчыларга ырдатып, / Жарылдатып Ырчы уулга, / Ат байгесин айттырып, / Үч жүз жылкы, үч жүз кой, / Баш байгеси ал экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайтарына калганда, / Каада билген Акун хан, / Кабар кылып калкына, / Мыктынын баарын жыйнатып, / Мукамчысын ылгатып, / Сап жакшыны, Манасты, / Салтанаттап ырдатып, / Арагын куйуп токтотуп, / Албан түрдүү дуулатып, / Уй мүйүз тартып олтуруп, / Эркинче элди чуулантып, / Сөз баштады мындай нук: / — Ханың төртсүң,, ч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →