салтанат
- Кандайдыр бир чоң окуяга, белгилүү датага арналган майрам, кубанычтуу шаттык.
- Бир нерсенин ийгилиги, жеңиштүү натыйжасы, кубанычтуу жетишкендик.
- Шаани, даңаза.
- Бийлик кылуу, акимдик кылуу, эл бийлөөнүн даңазалуу шаан-шөкөтү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Санап казак мал бөлдү, / Энчисине сан бөлдү, / Жагданына бул толду, / Салтанаты тул / болду, / Арылбаса адамга, / Аркасында шор болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Муруту чыгып келе аткан, / Керилген жаадай улан көп, / Атка бергис кунан көп, / Кызга бергис жубан көп, / Жасалгалуу үйү көп, / Салтанаттын түрү көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бактары гүлдөп кулпурган, / Салган тамы алтындан, / Хан сарай деп айтылган, / Салтанаты ушундай, / Ичинде адам сүйлөсө, / Ат чабым жерге угулган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кабылан Семей абаңды, / Камындырбай сайарда, / Сайса жыгып саларда, / Ал өңдөнгөн сайыштан, / Сан-санаксыз көп өткөн, / Салтанатуу абакең,, / Тайбуурулдун капталга, / Салаңдап түшө берди эле, / Каңгыта сайып найзасын, / Алдына өтүп кетти эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кийгени кызыл шайыдай, / Кыңгыранган уулдар, / Каз, өрдөктөй катарлаш, / Керилген келин, сулуу кыз, / Салтанат сайран курушуп, / Шапар тээп тунушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →