салпаңда
- Салаңдап туруу, салбырап, ары-бери салпылдап кыймылдоо.
- Эби-сыны жок, олдоксон кыймылда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кара кытай элинен, / Калдаңдап барды бир балбан, / Кара жерди каңтарып, / Аңтара салчуу немедей, / Далдаңдап барды бир балбан, / Жылкы минбей керк минсе, / Эки буту сүйрөлүп, / Салпаңдап барды бир балбан, / Чыгарбай Табай өлтүрдү, / Жандырбай кайра майдандан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Таласка келип тамтаңдап, / Кененимден кордук жеп, / Кетебизби салпаңдап?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Минерине бир жылкы, / Калганы жок угуп кал, / Кара аскердин баарысы, / Жөө калышты салпаңдап, / Жөө басып барсак калың кол, / Бакма каздай талтаңдап, / Аттуу алар турбайбы, / Арстандай бир жалмап!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бакырыгы баш жарып, / Акырыгы таш жарып, / Жетимиш миң көп черүү, / Түрүн көрүп капырдын, / Кылып жаткан амалын, / Сүрүн көрүп капырдын, / Гүлчоро турду муну айтып: / — Качып бербей калдаңдап, / Этек кетип далдаңдап, / Эки бут кетип салпаңдап, / Эрдемсип уруш кылбайлы, / Элди кырып барбаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кер бээни минип салпаңдап, / Мени кууйт талпаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →