салпай

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Бош, шалакы, жыйынтыгы жок көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жалбырагын салпайтып, / Сүр көрсөтүп алыптыр, / Көрүп турат баарысы, / Түр көрсөтүп алыптыр, / Кылганын элге дайындап, / Кыр көрсөтүп алыптыр, / Кылымда мендей ким бар деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Испандын ханы Ачакан, / Качкан менен кутулуп, / Кеткен барбы ажалдан, / Таласка бардың тамтайып, / Караңгыда уйалбай, / Кайта качтың салпайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сардар Ботке салпайып, / Кепти айтты сандатып: / — Сиз жарадар болгондо, / Эч ким анык билген жок, / Тирүү турсаң түңүлүп, / Эл бөлүндү эки топ. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жээнбайга кеп кылбай, / Кайра басып салпайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Берегинде бирөө куржунун салпайтып, артынып алыптыр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →